Сабактын этаптары | Мугалимдин ишмердүүлүгү | Окуучулардын ишмердүүлүгү | Убактысы |
Сабакты психологиялык- педагогикалык уюштуруу | Саламатсыңарбы, балдар. Силерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктайм. | Мугалимин жана классташтарын жаңы окуу жылынын башталышы менен куттукташат. | 1 мүнөт |
| Келгиле, бүгүнкү салтанаттуу күндү Кыргыз Республикасынын гимни менен баштайбыз. 1-класстын окуучуларына мугалим гимндин эмне экендигин жана гимн ырдалып жатканда өзүн кандай алып туруу керектигин түшүндүрөт. | Бардыгы орундарынан туруп, оң колун жүрөгүнө коюп, аткаруучуга кошулуп ырдашат. | 5 мүнөт |
Сабактын темасы менен тааныштыруу | Балдар, бүгүнкү сабактын темасын аныктоо үчүн силер табышмактын жандырмагын табышыңар керек: Сүрөт тартат, эсептейт, Заводдорду чиймелейт, Жада калса космостон Аба ырайын изилдейт. Миллиондогон эсепти Бир мүнөттө чыгарат. Айткылачы, балдар ай Бул генийди ким табат? Бул, албетте, … (Компьютер.) Ушул биздин үйдөгү, Мейли күнбү, түндөбү. Кичинекей компьютер, Таанытат бүтүн дүйнөнү. Кааласаң кат да жазасың, Кааласаң илим казасың. Отуруп алып үйдө эле, Аалам сырын ачасың. Тургандай кудум жаныңда, Деңиздин ары жагында. Жашаган досуң сүйлөшөт, Көрөсүң үйүн анында. Көз алдыңда бүт тарап, Бүт дүйнө ага суктанат. Тапшырма жообун таппасаң, Жардамга келип куткарат. Автору; Бермет Алымбаева. Мугалим тактадагы компьютердин сүрөтүн ачып коёт. | Табышмактын жообун («компьютер») чогуу айтышат | 3 мүнөт |
Мугалимдин айтып берүүсү | Биз силер менен компьютердин кылган кызматы тууралуу уктук. Ал эми азыр анын өзгөрүү жолун карап көрөбүз. «Компьютер» деген сөз латын сөзүнөн алынган. Ал «эсептөө, чыгаруу» деген маанини билдирет. Адегенде ал чындап эле эсеп чыгарганды гана билген. Ошондуктан аны ЭЭМ – электрондук-эсептөө машинасы деп аташкан. 1940-жылдары пайда болгон биринчи компьютерлердин көлөмү абдан чоң болгон: эң биринчи ЭЭМ 42 металл шкафты ээлеген, салмагы 27 тоннаны түзгөн. Аны «ENIAC» деп аташкан. Бирок анын эстутуму абдан кичине болгон. Ал болгону секундуна 5000 гана иш-аракетти аткара алган. Бүгүнкү мыкты компьютерлер аткарган кызматтар андан миллион эсеге көп. Акырындап адамдар компьютерди эсептөөгө гана эмес, сүрөт тартканга, сүрөттү оңдогонго, видео жасаганга, ыр жана музыка жаратканга, шахмат ойноого жана башкаларга үйрөттү. Компьютердин сырткы көрүнүшү да өзгөрдү, алардын көлөмү кичирейди. 1974-жылы жеке компьютер пайда болду. Азыр дээрлик ар бирибиз компьютерди чөнтөгүбүзгө салып алып жүрөбүз, анткени телефон дагы компьютерге кирет. (Презентация учурунда 1960-жылдардагы ЭЭМдин, жеке компьютердин, уюлдук телефондун сүрөттөрүн көрсөтүү маанилүү.) | Окуучулар мугалимдин айтканын угуп, ЭЭМдин, жеке компьютердин жана телефондун сүрөттөрүн көрүшөт. | 3 мүнөт |
Топтордо иштөө | Азыр көңүл коюп ырды уккула: Компьютердин пайдасы, Көп нерсеге үйрөтөт. Керек болсо компьютер, Көп тилдерди сүйлөтөт. Илим билим аласың, Издегенин табасың. Үйдө эле олтуруп, Үй-бүлөнү багасың. Кел, колуңду келе деп, Келечекке жетелеп. Компьютердин заманы, Мына ушундай керемет. Автору; Х.О. Мырзаева Азыр топтордо иштейбиз. Биринчи топ компьютер – бул дос экендигине бир нече мисал (3-4 )келтиришет. Экинчи топ компьютер – жардамчы дегенге. Үчүнчү топ компьютер – душман экендигин ырасташы керек. Топтор өздөрүнүн иштелмелерин презентациялашат. Андан кийин мугалим талкуулоо жүргүзөт. | Окуучулар ырды угушат. Болжолдуу жооптор. Биринчи топ: Электрондук почта жана социалдык тармактар аркылуу баарлашуу мүмкүнчүлүгүн берет. Компьютердик оюндарда жеке жана достор менен чогуу ойноого болот ж.б. Экинчи топ: Сабактарга даярданууга жардам берет. Мени кызыктырган темаларга байланыштуу маалыматтарды табууга жардам берет. Адамдардын ишин жеңилдетет. Керектүү маалыматты ж.б. басып чыгарууга жардам берет. Үчүнчү топ: Көздүн көрүүсүн начарлатат. Компьютерде көп убакыт иштегенде баш ооруйт. Китеп окуудан алаксытат. Компьютерге көз каранды болууну шарттайт. Компьютер күтүүсүздөн өчүп калса, маанилүү маалыматты жоготуп алуу мүмкүн ж.б. | 15 мүнөт |
Дене тарбиялык мүнөт | Балдар, силер компьютерде узак убакыт отуруу зыян экенин билдиңер. Сөзсүз тыныгуу жасап, бир нече жөнөкөй көнүгүүлөрдү аткаруу керек. Азыр биз алардын айрымдарын жасайбыз. Буларды компьютерде иштеп отурган кезде ар бир жарым саат сайын кайталап тургула. Көздөр үчүн гимнастика: Компьютерде иштегенде көз өзгөчө чарчайт. Ошондуктан монитордон көзүбүздү алып, тез-тез ачып жумуу керек (10 сек.). Көзүбүздү жумабыз. Дагы бир жолу көзүбүздү ачып-жумуп, андан соң терезени карайбыз. Башыбызды кыймылдатпастан көзүбүздү айландырабыз: солго-оңго, өйдө-ылдый. Көңүлүбүздү алысыраакта жайгашкан кандайдыр бир нерсеге бурабыз (30 сек.), андан соң – жакыныраак нерсеге (30 сек.) Бул көнүгүү көрсөтмөлүү болушу үчүн маалымат графикасын колдонсо болот. (https://aif.ru/health/life/44479) Баш, кол жана кыр арка үчүн көнүгүүлөр: Колдун манжаларын кысабыз жана коё беребиз. Колду муштумга түйөбүз жана муштумубузду айландырабыз. Эки колдун манжаларын салаалап, алакандарды тийиштирип алып ичти карай жана сыртты карай айландырабыз. Башты 3 жолу оңго жана 3 жолу солго карай айландырабыз. Ийинди көтөрөбүз жана акырындан алдыга жана артка карай кыймылдатабыз (3 жолу) Бул көнүгүүлөр эскерткич түрүндө жасалгаланып, кабинетте илинип турса жакшы болот. | Окуучулар көнүгүүлөрдү аткарышат. | 5 мүнөт |
| Балдар, биз силер менен компьютерде иштөөнүн пайдалуу жана терс жактары менен тааныштык. Эми, келгиле, компьютер канткенде дос бойдон кала тургандыгы жөнүндө кеңештерди түзүүгө аракет кылалы. | Ар топ 1-2ден кеңеш беришет. Болжолдуу жооптор: Компьютерди керектүү маалымат табуу үчүн колдонуу. Компьютердик оюндарга, өзгөчө «атышуу», «жарышуу» оюндарына ж.у.с. кызыкпоо. Интернетти колдонуунун коопсуздук эрежелерин сактоо. Саламаттыкты сактоо эрежелерин бузбоо ж.б. | 7–8 мүнөт |
Рефлексия | Кайтарым байланыш. Компьютер менен таанышкын, Пайдалуу жагын алышкын. Зыяндуу жагын карабай, Пайдалуу жакка жарышкын. Көп нерсе камтып ичине, Көлөмү бирок кичине. Компьютер деген досум бар, Көмөгү тиет ишиме. Баткансып аалам ичине, Бир бассаң жарап ишиңе. Бүт жерде иштеп бир озу, Бул досум керек кишиге. Жабылат жапсан бир замат, Издесең баарын бат табат. Генийлер тапкан бул нерсе, Жат билет баарын азамат. Автордун оюна кошуласыңарбы? Силерге кайсы маалымат абдан кызыктуу болду? Силерге кайсы маалымат абдан пайдалуу болду? | | 3–5 мүнөт |