kopilkaurokov.ru - сайт для учителей

Создайте Ваш сайт учителя Курсы ПК и ППК Видеоуроки Олимпиады Вебинары для учителей

Алыкул Осмонов- балдар акыны

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сабактын максаты: Окуучулар Алыкул Осмоновду (1915-1950) балдар акыны катары таанышат. Баладрага арналган чыгармалары менен таанышып, ко??л коюп окуу менен бирге анын маани-манызын тере? т?ш?нуп, к?рк?м айтышат. Балдарга арналган ырлардын мазмунуну негизинде жакшы окууга, окуу куралдарын жакшы к?т??г?, табиятты коргоого жана мекенчил болууга ?йр?н?ш?т. Жакындарын кастарлап, аларды сыйлоого тарбияланышат.

Сабактын жабдылышы:  А. Осмонов боюнча иштелип чыккан слайд, адабий китептер жана буклеттер.

Сабактын журушу: Уюштуруу                                          

«Жазуучулук баяным» (узундунун негизинде) жазуучу ж?н?нд? баян.

Алыкул-балдар акыны.                                     

Ырларынан к?рк?м окуу.

Жыйынтык.

Кириш??:  Кыргыз тили боюча ГИМН ырдалат. Окуучулар тарабынан мамлекеттик тил к?н?н?н урматына ырлар к?рк?м айтылып, мугалим тарабынан акындын «Эне тили» деген ыры к?рк?м окулат:

Тил ?йр?н?? –

Жакшы к?рм?к –с?йм?кт?н,

Эне тилин жакшы к?р?п ?йр?тк?н,

Ойротто жок о?ой тил бейм биздин тил.

Бир жашымда:                         

Ата, апа,

 ат, эт дегенди с?йл?тк?н.

Тил кадырлоо:

Чын к?н?лд?н с?йм?кт?н.

Атам тилин с?йг?нд?кт?н ?йр?тк?н,

Эрдик, ?н?р, билим менен с?йл?ш?п-

Бир ж?рс?н деп бир жашымда ?йр?тк?н.

Бирге ж?р?м, эне тилим кадырлайм,

Бул тил менен иштейм,  с?йл?йм, ыр ырдайм,

Башка тилди жандай жакшы к?рс?м да,

Эне тилим с?йг?н?мд?н жанылбайм, - деп акын  эне тилине болгон чыныгы сезимин ырга айланткан экен. Акындын б?т?нд?й чыгармачылыгы  менен биз мектептин бардык баскычтарында таанышып ж?р?п отурабыз. Бирок б?г?н азыноолак болсо да  баланын жан д?йн?с?н?н т?н?к тапкан акын экендиги тууралуу с?з кылалы.  

Окуп к?рс?? жан д?йн??д? толтурат,

Мен да с?й?м анын ырын сенчилеп,

Медер кылып мээрим издейм с?з?н?н,

Акын б?г?н ж?зг? чыгып олтурат. (Ф. Тагаева)

Алыкул акын отуз беш гана жыл жашап, ошол кыска ?м?р?н?н он беш жылдай убакытын гана чыгармачылык ишке арнады. Поэзиянын керемет сырларын ачып, анын не бир бийик белестерин ашып бараткан мезгилде, 1950-жылы бар болгону 35жыл жашап, узак жыл жанын кыйнап келген дарттан-кургак учуктан каза болду.

                       Акын ден соолугунун начар экенине карабай укмуштай к?п окуду, эл аралап элдин с?з?н жыйнады, к?н?-т?н? изденип т?йш?к тартты, ыр д?йн?с?н? с??г?п кирди, адабияттын бардык жанрына чыныгы чыгармачыл катары баш бакты жана ал жанрдын адабият майданындагы дараметин т?ш?рг?н жок. Пьесаларды,поэмаларды жазды, д?йн?л?к шедеврлердин, д?йн?л?к адабияттын алптарынын чыгармаларын которуп бизге жеткирди, ырлырын окуп гана тим калбастан, обон салып ырдап келе жатабыз.

                       Атайын тагдырдын сыноосуна койгондой акындын жеке турмушу ары татаал, ары ?кс?кт??: жашынан учук ооруулуу болуп, жаш жанына тынчтык бербеген катуу илдетке чалдыгып, кан ж?тк?р?п калды. Бир жагынан айыкпаган кесел акынды алсыратып ч?нч?тс?, экинчи жагынан к?кс?п ж?р?п к?рг?н кызы Жыпар айына жетпей чарчап калды.Буларга кошумча, жары Зейнеп менен турмуш оту к?й?шп?й, к?б?нч? жалгыз, т?нт жашады. Булардын баарына карабай ал катуу изденди жана опол тоодой эмгек жасады. Тир??л?кт? т?б?л?к калды.

Акын ?з? чыгармачылыгынын башталышын бизге «Жазуучулук баяным» деген баянында жазып кеткен. Эмесе ошого к???л буралы:

                       Акындын «Жазуучулук баяным» деген макаласынан ?з?нд? окуу менен слайд к?рс?т?л?т.

                       Мен жазуучулукка бала к?н?м?н ынтызар элем. 1927-жылы, 13 жашымда кайсыдыр бир окуу китебине басылып чыккан «Жайлоо» деген (авторун билбейм)  а?гемеге ашык болгонумду унутпайм. «Эне тил» сабагынан бере турган Артыкбай Жолдошев деген мугалим ошол а?гемени бизге окуп берди да (жаз чыгып келе жаткан мезгил эле): Жакында каникулга чыгасынар, кайра к?з келгенге чейин ушул ондонгон а?гемени жаза келгиле», деди. «Чын эле кантип жазам»,- ой  мени аябай э?сетти.

                       Ангыча жай б?т?п, куз келди. Баягы ангеме дагы эле эсимде. Бирок жазууга кучум жетпестигин билип турам. «Мага бир к?ч пайда болсо да, бир дегенче жаза койсом, - деген санаа т?ш?т. К?зг? окуу башталды. «Эми мугалимге эмне дейм»,- деп кайгырам, бирок мугалим ал а?геме тууралуу ооз ачкан жок.

                       1927-жылы мен 1925-жылдан бери окуп жургон Токмок шаарындагы интернаттын дубал газетасына биринчи ырым чыкты. Ошол кезден баштап жазуу ишине к??ул коё баштадым. Ошентип эне тил сабагынан таасирленип, ?з?н?  чыгармачылык к?ч тилеген акынга кудай берип чыгармачылык жол салынды, ал акынга багышталган касиетт?? жана улуу, б?тп?г?н, т?б?лукт?? жол болчу.

Алыкул Осмонов бала чагынан чыгармачылыкка киришип, д?йн?л?к адабияттагы улуу, шедеврлердин чыгармачылыгы менен тарбияланып, ?з?  ошондой улуулукка жетти. Эгердде ага  35гана жаш эмес узак ?м?р буюрган болсо, кыргыз эли ?ч?н адабият казынасынын байлыгын толтурган, к?рк?н ачкан э? сонун чыгармаларды калтырмак. Акындын быйыл жуз жылдыгы. Бул маарекенин шарапаты менен биз дагы аны белгил??г? ?л?ш?б?зд? кошуп жатабыз.  Бугунку биз токтолчу тема анын балдарга арналган ырлары. Кыргыз адабиятында ?з ?н? бар, таланттуу акын: ?л?м, ?м?р, д?йн?, жашоонун ма?ызы, эмгек, с?й??,жаратылыш темаларында чыгармачылык менен алп урушуп жаткан мезгилде балдар темасына да ?т? зор чыгармачылык менен кайрылган. Маселен эл арасына элдик ыр сыяктуу си?ип, баарыбыз билген  «Самолет ыры», « Калпычы Канымг?л», « Тай к?л?к», « Кулой,кулой торпогум», «Тору тай», «Т?лк? менен каздар», «Телибай тентек», « Эки метр Эсенгул», « Китепти с?й», « Бак тигели» «Кара чыйрычык» «Б?к?нтай» ж.б ырларын,  Ак ыргай, «К?пк?к к?г?чк?н», «Бек тоо, бекем тоо» сыяктуу бат айтмаларын к?пч?л?г?б?з жакшы билебиз. Мектеп босогосун аттаарыбыз менен Алыкулдун ырларын ?йр?н? баштайбыз, кээ бир ырларын бала бакчадан эле ?йр?н?п келгендер да бар.

Ушул улуу жолдо акын балалыктын бай д?йн?с?н унутта калтырган жок, ал ага э? сонун ырларын арнады. «Кетсе кетти балалыгым кайрылбай,                 

                                     Аткан октой кайрылууга айныбай.»

Балдар ?ч?н бала тилегинин таза тамчысы менен оозандырган, балдар с?й?п окуган, жагымдуу ырларды калтырды.

Окуучулар «Ак кайы?» деген ырды ырдашат:

Жарашыктуу жаштайын,

Жадыраган жаз сайын,

Жаш к?н?мд?н те? ?ск?н,

Татынакай ак кайы?.

Тамашалуу жаштайын,

Тармалданган жаз сайын.

Тай к?нумд?н те? ?ск?н,

Татынакай ак кайы?.

Мен ?зг?рд?м, сен к?рд??,

Мен да к?рд?м ?нг?н?н.

Жаштыгымды кайра бер,

 Сурабайм андан б?л?г?н.

Окуучулар акындын балдарга арналган ырларын к?рк?м окушат: «Мугалим», Ким китептин душманы», «Калпычы Канымгул», «Нургул», «Китепти с?й», «Бала тили», 1-сентябрь», « 2 менен Эмилбек», «Самолет ыры», «Физкультура», «Б?к?нтай», «Т?лк? менен каздар», «Балдар менен турналар», «Чымын чиркейлер», «Телибай тентек» «Ким болсом» ж.б.

                Окуучулар Алыкул ж?н?нд? айтылган пикирлерге токтолушат: «Талыкпастан к?п окугандыгы жана дайым чыгармачыл изден??с? гана  Алыкулду чыныгы ийгиликтерге алып келди Ал профессионалдуу, ?з алдынча чон акын болуп ?с?п чыкты. Анын чыгармачылыгы жалгыз гана ?з?н?  таандык белгилери менен кайталангыс болуп калды. (К. Кулуев).

                        «Алыкул-«…талантын эмгек менен курчуткан алп акын» (Т.Сыдыкбеков).

Жыйынтык:  Мугалим Алыкулдун «С?зу бар», «Жакшы ыр жазсам», «Ырларым» деген чыгармаларын к?рк?м окуйт.

          С?зу бар

Т?к кайгырбайм алсыз чабал т?р?м?,

Уу тамса да алтын сабак б?рум?,

Тир?? кезде мындай элек деп айтып…

С?йл?ш??г? жер табылбас к?н?м?…

 Мен кетсем да тир??л?кт?н к?з? бар,

Мен б?тс?м да тир??л?кт?н ?з? бар,

Бирок мага табылбачу эч качан,

Тир??л?кт?н:

Э? бир, э? бир, жанды ысыткан с?зу бар.

Жакшы ыр жазсам:

                        Бутунан ??п ж?н?т?м,

Жаза албасам: к?з жашымды к?лд?т?м,

Ыр жараткан шам чырактын алдында,

Бактылуу мен.

                       Бактылуу менин к?л?к?м.

Сабак Т?г?лбай Сыдыкбековдун с?з? менен жыйынтыкталат.

-Балдар,силер акынды кандай м?н?зд?п, кандай элестетесинер?

Жалгыз, тунт, ойлуу, акылман, к?р?г?ч, бактылуу ж.б.

-Окуучулар жооп беришет.

 Биз анын портретин к?р?п турганда да  арадан 100 жыл ?тк?н? менен 35теги калыбы к?р?н?т кырчын акын:

Бар бололу т?г?нб?йл? курдаштар,

Узак-узак узак болсун бул сапар,

Кылым б?т?п д?йн?д?н жок болсок да,

Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар,- дегенсийт.  Биз б?г?н акынга балдар ырлары аркылуу жоолуктук. Акын бизге:

Менин к?н?м ?лб?с?н? т???лб?йт,

Толкун урса, тайызына с?р?лб?йт.

 Тир??л?кт? жоктугуна жол бербей,

 Жер т?б?нд?  чирисе да бир г?лд?йт. - деп к??г?р?нг?н сыяктуу, тагдырына ырахмат айткан сыяктуу, к?л?мс?р?п турат шер. К?л?мс?р?п керилген поэзия шеринин -«?лб?ст?кт?н ?ж?р эркин талашкан» ша?дуу элеси дайым тир??л?рд?н к?з алдында. Акындын татынакай чыгармаларын окуган сайын анын окуучулары аны эскерип, с?й?п, алкыш айтат.

-Ырахмат сага! Ырахмат, жакшы жашап, март иштеп ?тк?н акын! (Т. Сыдыкбеков).

КОЛДОНУЛГАН  АДАБИЯТТАР: А. Осмонов   «Тандалган чыгармалар» 1-2 том.

                                                           «Салам» Басма ?й? 2014.

                                                            Кут билим сабак №2 (135) февраль 2011ж.

Вы уже знаете о суперспособностях современного учителя?
Тратить минимум сил на подготовку и проведение уроков.
Быстро и объективно проверять знания учащихся.
Сделать изучение нового материала максимально понятным.
Избавить себя от подбора заданий и их проверки после уроков.
Наладить дисциплину на своих уроках.
Получить возможность работать творчески.

Просмотр содержимого документа
«Алыкул Осмонов- балдар акыны»


Получите в подарок сайт учителя

Предмет: Всем учителям

Категория: Уроки

Целевая аудитория: 6 класс

Скачать
Алыкул Осмонов- балдар акыны

Автор: Тагаева Фаризат Аралбековна

Дата: 14.03.2016

Номер свидетельства: 305670


Получите в подарок сайт учителя

Видеоуроки для учителей

Курсы для учителей

Распродажа видеоуроков!
ПОЛУЧИТЕ СВИДЕТЕЛЬСТВО МГНОВЕННО

Добавить свою работу

* Свидетельство о публикации выдается БЕСПЛАТНО, СРАЗУ же после добавления Вами Вашей работы на сайт

Удобный поиск материалов для учителей

Ваш личный кабинет
Проверка свидетельства