kopilkaurokov.ru - сайт для учителей

Создайте Ваш сайт учителя Курсы ПК и ППК Видеоуроки Олимпиады Вебинары для учителей

Мукай Элебаев: "Бороондуу куну" ангемеси

Нажмите, чтобы узнать подробности

Саламатсы?арбы,балдар, саламатсыздарбы урматтуу коноктор, биздин адабият сабагыбызга кош кели?издер!

                  ?рк?н болуп жазыксыз,

                  Унутулгус  болуптур.

                  Кандуу  ушул  ?рк?нг?,

                  Быйыл 100 жыл  толуптур.

Б?г?н биз “?рк?н” темасына байланыштуу  жазылган чыгармаларды окууну улантабыз.

Б?г?нк? темабыз:Мукай Элебаевдин “Бороондуу к?н?” а?гемесинин сюжети жана идеясы

Сабактын максаты:

  1. Билим бер?? максаты: М.Элебаевдин ?м?р?, чыгармачылыгы ж?н?нд? маалымат алышат. “Бороондуу к?н?” а?гемесин окуп ?йр?н?ш?т, мазмунун, темасын жана идеясын т?ш?н?ш?т.
  1. ?н?кт?р??ч?л?к максаты: Автордун жолоочунун психологиялык абалын, байкагычтыгын чагылдырып бер??с?нд?г? чыгармачылык чеберчилигине баа берет, кыргыз калкынын Октябрь т??к?р?ш?н?н алдындагы оор турмушунан кабардар болот.
  1. Тарбиялык максаты: Кыргыз элинин меймандостук, бооркерлик, кайрымдуулук наркын таанып билет, окуучу меймандостукка, боорукерликке калыптанат.

Сабактын жабдылышы: Бороондуу к?н? а?гемесинин сюжети боюнча тартылган с?р?тт?р, проектрдин жардамында к?рс?т?л??ч? слайд, ватман, маркер, чаптама барактар,  ж.б.

Сабактын методу: Интеллектуалдык карта,

                                  калыптандыруучу баалоо.

Сабактын ж?р?ш?:

?й тапшырмасын суроо:

Тарыхтын  ачып  барагын,

Эмесе барактайлы  китепти,

Тапшырма болуп берилген,

Сайранын жазган Какшаалдан,

Катына берип кезекти.

К?рк?мд?п айтып бергиле,

Кана, балдар, Сайранын образына киргиле!

  1.  

Эмесе, чыгармага кириш??д?н мурун а?геме ж?н?нд? т?ш?н?к алып алалы.

К?л?м? жагынан чакан, катышуучу каармандары чектел??, белгил?? бир окуядан кабар берген кара с?з т?р?нд?г? чыгарма - а?геме деп аталат.

 

  • Балдар, силер доскада а?геме боюнча тартылган с?р?тт?рд? к?р?п турасы?ар. Бул с?р?тт?рд? кандай окуянын берилгендигин божомолдой аласы?ар?

Ооба, туура айтасы?ар, “Бороондуу к?н?” а?гемесинде автор ?з? жол ж?р?п келе жатып, жол боюндагы жалгыз ?йг? туш келгени, ошол ?йд? т?н?п кеткени тууралуу баяндап берген.

 

Эмесе, окуя менен таанышалы:

Мугалим:

Кай жылы экени жардымда жок. Январь айынын бир суук к?н? жолдо келе жатып, кеч кирип бара жаткант кезде,   ?т?р?йг?н бир боз ?йг? бурулдум.  Бул бир кашаттын т?ш? беришиндеги жалгыз боз ?й боло турган. К?н? бою ж?? ж?р?п, чарчап, алдынан утуру кардуу бороон болуп, андан ары ж?р? турган чама жок эле, деп баштайт каарманыбыз.

?йд?н эки-?ч эркеги бар экен, бала киргенде алардын мурунтан айтып отурган а?гемеси б?л?нг?н да жок. Жанындагы кишиге аркасын ыктай, отту карай демитип, этегин жамачылаган к?к мата  к?йн?г? бар, оттун табына б?ртк?н кызыл балтыр сегиз-тогуз жашар секелек кыз отурганын, ушуга к?з? менен мурду окшогон бир орто жашаган аял казан-аяк менен алаксып ж?рг?н?н байкайт. Бала азыраак отургандан кийин т?рд? с?йл?ш?п жаткан с?зд?рд?н улам кирпидей тикирейген кою кашы бар, жайык ж?з, уюган кара сакал немени бул ?йд?н кишиси эмес экенин билет. Ага назарын салган бери болгондо жетимиштин кырындагы бир кемпир гана болот. Бала кемпирге катарлаш отурат. Отун ным. Бирде жалбырттап жанып кетсе бирде жалп этип ?ч?п, ?йд?н ичи к???ртт?й т?ш?т.

Кемпир эк?? бир??д?н жашыруун с?йл?ш?п жаткандай, акырын дабыш чыгарбай с?йл?ш?п отурат, т?рд?г?л?р аларга к???л да бурбайт. Жа?ы кирип келгенде гана секелек кыздын артында отурган киши:

-Алды?дагы т?й?нч?г?? эмне?- деп, андан бир ооз кеп сураган.

-Ал д?н?й? дейсизби, ?з?м? жараша бир к?р оокат да., деп жооп берет бала. Т?рд? отургандардын а?гемесинен малай ж?рг?н бир??н?н акысы тийбегени ж?н?нд? с?з болуп жатканын байкайт. Алардын с?з?н?н ошол жылы кара чечектен журт ч?п чапкандай кырылбадыбы деген с?зд? да кулагы чалат.

Балага бир гана кемпир к???л бурат.

Кана, балдар, эмесе, китеби?ердин 171-бетиндеги 5-абзацты окуйбуз. Кемпир менен жолоочу бала эмнени с?йл?ш?п жатат.

-.Бечара киши жан багышка орус ичи жакшы болот экен. Мына бу д??д?г? кыштак ошолордуку.  Жолдо к?рг?нд?рс?? келгенибизге беш – алты жыл болду. Бу жерде бизден б?л?к кыргыз жок.

Муну таштай берип, кемпир баятан бери болуп жаткан а?гемеге кайра к?чт?:

-Жетимчиликти к?п тарткан экенси?. Тескейге баратам деди?би?

-Ооба.

-Ата – эне? качан ?лг?н?

-К?п жыл болду.

-Кайра ошону? жакшы, кулунум. Эне? байкуш болсо, сен ушинтип ж?рг?нд?: “Балам алда кандай болду экен:” - деп санааркап куурабайт беле? Акыр ?лб?с? бир к?н жетилип кетерси?. Т?н ичинде к?з кургур да к?рб?йт. Болбосо тизе?дин береги жерин б?р?п берет элем. Чокою? да суу.

Андан ары улайбыз.

Эшиктин аркай жеринен зыркыраган борошо так баланын тонунун жыртыгын к?зд?п турганда коолдоп, бир капталы муздап турат.

Баланын конор конбосу али белгисиз. ?й тар, адам к?п. Бала ?з?н? ыклас кылган кемпирде бийлик жок экенин башында эле байкаган болчу. Конор-конбосу белгисиз. Эмне болсо да тамак ичилип б?тк?нд?н кийин чечилет. Бала камырабай отура берет. Анткениал мындайды б?г?н эле к?р?п отурган жок.

Эми 172-беттин 3-4-5- абзацтарын окуйбуз. Бул жерде эмнелерди айтып жатат кайрымдуу кемпир?

-Бул да бир к?н унут болор, балам. К?рг?н билгени?дин баары те? артта калмак.Мал да д?йн? да эч кимге опо болбойт.

Ушундан кийин к?пк?к тарамыштары саналып турган, калтыраган этсиз арык колундагы жыгачы менен отту к?с?п жиберип, ошол жерде мелтирей кадалып, тынып ойлоно калып, кадалган ойдун артынан козголо коюп, куураган чачынын арасына  кол ж?г?рт?п, кежиге ченин кашып алды да, мага шыбырачу немедей жакындай т?ш?п, акырын гана:

-Б?рк алдында не болбойт? Дос, душманды айрып ж?р. Колу?дан келип турганда б?йп??д?п, бак тайган к?н? баса берген киши дос болбойт. Жок-барда бирдей болуш керек, -деди.

Мугалим:Кемпир эмнелерди ойлоп жатканы анын с?йл?г?н с?з?н?н байкалып турат.

Андан ары окуя мындайча уланат:

Т?н бир далай мезгил болгондо, казан чыгарылды самандын ачуу т?т?н? чамгарактан чыкпай уюлгуп, кайра каптап турат.

Табак т?рд?г? эркектерге гана тартылат, балага бир арканын омурткасы тиет. ?йд?н аялы ?з?н? алып калган бир демесин жулуп жеп к?йп??д?п, казандын жанында каралап отурат.

-Отту жарыгыраак кылып койгулачы,- деп, бир?? чулчу?дап чайнап жатып, кемпир менен балага буйрук кылат. Бул арада мындан башка унчуккан эч ким болгон жок. Жалгыз секелек кыз колундагы кар жиликти чагам деп убараланып жатканда:

-Сый чабасы?, кой! Ачууланып барып, энеси керкини колунан алып койду.

Мен жалгыз омуртканы м?лж?п, таштай берип, карап калганым менен табактын эти да к?п эмес эле.  Туш-туштан жабылган ооздор табактын ?р?й?н учуруп бир демге калтырбай отоп жиберишти.

Кол жууп бир кыйла кобурагансып отургандан кийин, журт орундарынан туруп, жатууга кам ура баштады.

Сыртка чыгып бараткан бир??, шимшиленип кирип келген кара канчыкты “кет” деп, жаза-буза бир сала, жолунда кыйрап турган сынык эргилчекти т?з?п коюп, кы?шылаган ит менен удаа чыгып кетти.

Мугалим: Андан ары дагы окуп к?р?л?ч?. 173-беттеги 4-абзацты аягына чейин окугула.

Кемпир болбогондо унутта кала жаздаган элем.

-Э, ботом, Жийдекан, бул бала эмне болот?- деди бир кезде ал.

-Апей, катыг?н. мен.

Бул убакта кара сакал, дагы бир жигит жатып алган. 

Же?еке, б?г?нч? мени батыргыла. Мындан б?л?к корголор жерим жок болгондуктан келип отурам. Наяты бир т?н?п кетет экенмин,-деп, мен да кемпирге кошумчалап койдум.

-Эми кандай кылам, т?ш?кт?н баары салынып.

 -Баягы тердик кана?

Мунун жообу бар экен?

Аны башка жазданып койбодум беле, жатарга чолоо жер да калбаптыр.

-Иши кылып бирдеме бер.

-Болсомен аяп отурамбы? Ж?к тирелип тургандай с?йл?йс???р да!-деп бу жерге келгенде кемпирди бир каарып ?тт?. Т?ш?к аз экенин бала да байкап турат. Жийдекан кейип, кынжылып барып, тердикти сууруп алып берет.

-Ушул эле болот мага,- деп, ирегеде жаткан бир кап тезектин жанына тердикти жая салып жатып калат. Бут сунар жер жок. Жанында- коломто.

Жатканымдан кийин талпакты с?йр?п келип, ?ст?м? таштап койду да, кемпир:

-Эрте? бороон басылганда кет. Жолдо туруп каларсы?-деди к??к?лд?п.

От ?чт? ?й жер кепедей кара?гы. Жымжырт. Жалгыз гана тыштан угулган бороондун к?ч? менен илдибары кеткен жаман ?з?к делпилдеп, уукту сабап турду.

Мугалим: Андан ары окуя мындайча уланат:

Эртеси бул ?йд?н бир адам серпиле электе туруп алып жолго т?шт?м. Мунумду кечээги мээримд?? кемпир да билбей калды. Аны  кетерде бир байкаганымда - колу, буту мышыктыкындай чогулуп, уйпаланган, ж?д?г?н башы койнуна кирип, мууздаган малдай кыркырап жаткан эле.

Тышка чыксам бороон баса?чытартып калган экен. Бирок к?н али б?рк??.

Кантсе да кечке жетермин деп ишенип, тээтиги к?к тиреген, мунарга окшогон, ак кардуу бийик за?гелди бет алып, жалгыз талаада кетип бара жаттым,-деп аяктайт а?геме.

Мугалим:

Байкады?арбы балдар,  мен а?гемени айтып жатканда т?ш?н?кс?з с?зд?р кездешти. Баарыбыз китепти карайбыз, 170-174-беттердин аягында берилген с?зд?кт?рд?н мааниси менен таанышабыз.Эми досканы карайбыз, берилген тексттердеги т?ш?н?кс?з с?зд?рд?белгилейбиз.

Эми чыгарма боюнча т?ш?нг?н?б?зд? топтордо талкуулайбыз.

Биринчи топ, экинчи топ, ?ч?нч? топ,  доскада илинип турганс?р?тк? тема коюп, идея?арды билдиргиле. 1-топко 1-с?р?т,  2-топко 2-с?р?т, 3-топко 3-с?р?т.

Мугалим: А?гемеде башкы каарман бул бала жана  кемпир.  Бул эки каармандын кандай сапаттарын байкай алдык?

Аделина: Бала- ?т? байкагыч кыраакы, ал эми кемпир балага жалгыз ыклас кылган, колунда бийлиги жок, мээримд?? эне.

А?гемедеги э? маанил?? деталдардын бири бул -боз ?й. Азыр биз а?гемеден боз ?йг? байланыштуу маалыматтарды карап чыгабыз жана ага байланыштуу ойлорубузду топтордо талкуулайбыз.

2-топтогулар ?з?н?н? ойлорун презентациялашат.  1-3-топтор а?геме боюнча кошумча пикирлерин билдиришип, суроолорун беришет.

1-окуучу:А?гемедеги боз ?й-кашаттын т?ш? беришиндеги сарайчанын жанында, илдибары кеткен, бала кайрымдуулук к?рг?н ?й,балага бир т?н т?н?к болду.

2-окуучу: Боз ?й бизге кандай сезимдерди алып келерин айткыбыз келет:
Ал Ата Журтту жытын алып ж?р?т.
Эне мээриминдей мээрим сезилет.
?м?тт?н очогу.
?м?р?мд?н, ичер суумдун бар экендигине ишеним,
Жашоо, тиричилик. Боордоштук. Бир туугандык.

3 –окуучу: Боз ?й – бул кыргыздардыкы,  ошондуктан азыркы мезгилде кыргыздын очогу тутанган, ата конушу жыттанган боз ?йд? башка улуттагы элдер “кыргыз ?й” деп аташкан,  эл ичинде мындай синоним с?з бар.
 Боз ?й ата-бабанын элеси, эл тагдыры, эл тарыхы. Келечект??л?к-себеби бул тир??л?кк? ?б?лг? кыргыз элинин эл кылып турган, тарыхый белгилеринин бири болгон- ?зд?к буюму.
 

Чыгарманы окуп, талкуулап, маанисин абдан т?ш?нд?к. Эми идея?ар барбы, чыгарма кандайча уланса дейсинер? Биздин каарманыбыздын тагдыры кандай болот деп ойлойсу?ар?

н байкайбыз.

Жыйынтык:

  •  

             Ушуну менен сабагыбыз аяктады.

            К?н?л бурганыныздарга ырахмат!

Вы уже знаете о суперспособностях современного учителя?
Тратить минимум сил на подготовку и проведение уроков.
Быстро и объективно проверять знания учащихся.
Сделать изучение нового материала максимально понятным.
Избавить себя от подбора заданий и их проверки после уроков.
Наладить дисциплину на своих уроках.
Получить возможность работать творчески.

Просмотр содержимого документа
«Мукай Элебаев: "Бороондуу куну" ангемеси»

Тагаева Фаризат Аралбековна

Жалал-Абад областына караштуу Кара-Көл шаарындагы №1 мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими.


Кыргыз адабияты сабагы. 6-класс.

Саламатсыңарбы,балдар, саламатсыздарбы урматтуу коноктор, биздин адабият сабагыбызга кош келиңиздер!

Үркүн болуп жазыксыз,

Унутулгус болуптур.

Кандуу ушул Үркүнгө,

Быйыл 100 жыл толуптур.

Бүгүн биз “Үркүн” темасына байланыштуу жазылган чыгармаларды окууну улантабыз.

Бүгүнкү темабыз:Мукай Элебаевдин “Бороондуу күнү” аңгемесинин сюжети жана идеясы


Сабактын максаты:

  1. Билим берүү максаты: М.Элебаевдин өмүрү, чыгармачылыгы жөнүндө маалымат алышат. “Бороондуу күнү” аңгемесин окуп үйрөнүшөт, мазмунун, темасын жана идеясын түшүнүшөт.



  1. Өнүктүрүүчүлүк максаты: Автордун жолоочунун психологиялык абалын, байкагычтыгын чагылдырып берүүсүндөгү чыгармачылык чеберчилигине баа берет, кыргыз калкынын Октябрь төңкөрүшүнүн алдындагы оор турмушунан кабардар болот.



  1. Тарбиялык максаты: Кыргыз элинин меймандостук, бооркерлик, кайрымдуулук наркын таанып билет, окуучу меймандостукка, боорукерликке калыптанат.

Сабактын жабдылышы: Бороондуу күнү аңгемесинин сюжети боюнча тартылган сүрөттөр, проектрдин жардамында көрсөтүлүүчү слайд, ватман, маркер, чаптама барактар, ж.б.


Сабактын методу: Интеллектуалдык карта,

калыптандыруучу баалоо.


Сабактын жүрүшү:

Үй тапшырмасын суроо:

Тарыхтын ачып барагын,

Эмесе барактайлы китепти,

Тапшырма болуп берилген,

Сайранын жазган Какшаалдан,

Катына берип кезекти.

Көркөмдөп айтып бергиле,

Кана, балдар, Сайранын образына киргиле!


  1. Тургунова Асылзат.

  2. Кубанычбек кызы Гүлбадам.

  3. Батырбеков Айдос

  4. Кадырова Алина

Мугалим: Акын А. Токтомушев бул чыгармада кайсы мезгилдеги окуяны чагылдырылат?

Жооп: Акматов Даниел.

-1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш мезгилиндеги Кытайга барып, бир табак арпа унга сатылып, туулуп - өскөн жерине кайта албай, зар какшап калган Сайра аттуу кыздын тагдырын чагылдырат.



Мугалим:1916-жылдагы көтөрүлүш жөнүндө эмнелерди билесиңер?



Базарбеков Элдар:

Кыргызстанда 1916-жылы көтөрүлүш-кыргыз элинин орус падышачылыгынын колониялык саясатына каршы улуттук боштондук күрөшү болгон.



Белек уулу Кубаныч:

Россия империясы Орто Азияга колониялык бийлигин жүргүзгөн. Кыргыздар орус падышачылыгынын бийлигин таанып, анын буйрук жарлыктарын аткарууга милдеттүү болгон. Көтөрүлүштүн башкы себептеринин бири 19 жаштан 43 жашка чейинки эркектерди согуштук орук иштерине алуу жөнүндөгү орус падышачылыгынын бийлик органдарынын 1916-жылы 25-июндагы жарыяланган указы болгон.



Каныбек кызы Алтынай

Чүй өрөөнүнүн батыш бөлүгүндөгү, Ысык-Көлдүн боюндагы кыргыздар орус падышачылыгынын куралдуу аскерлерине туруштук бере албай Кытайга качкан. Ошон үчүн бул кандуу окуя тарыхыбызда “Үркүн” деп аталат.



Суроо: Биз силер менен Үркүн жөнүндө кенже класстарда кандай чыгармаларды өткөнбүз, кана эсибизге салалычы.


Жооп: Сагындык Өмүрбаевдин “Телегей”, Ысак

Шайбековдун “Кайран эл”.


Мен силердин эсиңерге салып Ы. Шайбековдун “Кайран эл” ырынан үзүндү аткарып берейин.


Жаңы тема:


Мугалим:Эл кытайдан кайткандан кийин алардын жашоосу оңой болгон жок. Кыргыз калкынын революциянын алдындагы оор турмушун сүрөттөөгө алып, Мукай Элебаев “Бороондуу күнү” деген кыска, так, мазмундуу аңгемесин жазып калтырган.

Мукай Элебаев ким болгон?

Ал -акын, прозаик, чебер котормочу 1902-жылы Ысык - Көлдүн Түп районундагы Чоң –Таш айылында туулган. Эрте жетим калган. 1916-жылы улуттук боштондук көтөрүлүш мезгилинде эл менен кошо Кытайга барып, эл кайтканда эл менен Ысык-Көлгө кайтып келген.

«Узак жол» романын, «Зарлык», «Алыскы тоодон», «Бороондуу күнү» аңгемелерин жана драмалык чыгармаларды жазган.
1944-жылы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон.



Эмесе, чыгармага киришүүдөн мурун аңгеме жөнүндө түшүнүк алып алалы.

Көлөмү жагынан чакан, катышуучу каармандары чектелүү, белгилүү бир окуядан кабар берген кара сөз түрүндөгү чыгарма - аңгеме деп аталат.



Мугалим:Балдар, силер доскада аңгеме боюнча тартылган сүрөттөрдү көрүп турасыңар. Бул сүрөттөрдө кандай окуянын берилгендигин божомолдой аласыңар?

Ооба, туура айтасыңар, “Бороондуу күнү” аңгемесинде автор өзү жол жүрүп келе жатып, жол боюндагы жалгыз үйгө туш келгени, ошол үйдө түнөп кеткени тууралуу баяндап берген.



Эмесе, окуя менен таанышалы:

Мугалим:

Кай жылы экени жардымда жок. Январь айынын бир суук күнү жолдо келе жатып, кеч кирип бара жаткант кезде, үтүрөйгөн бир боз үйгө бурулдум. Бул бир кашаттын түшө беришиндеги жалгыз боз үй боло турган. Күнү бою жөө жүрүп, чарчап, алдынан утуру кардуу бороон болуп, андан ары жүрө турган чама жок эле, деп баштайт каарманыбыз.

Үйдүн эки-үч эркеги бар экен, бала киргенде алардын мурунтан айтып отурган аңгемеси бөлүнгөн да жок. Жанындагы кишиге аркасын ыктай, отту карай демитип, этегин жамачылаган көк мата көйнөгү бар, оттун табына бөрткөн кызыл балтыр сегиз-тогуз жашар секелек кыз отурганын, ушуга көзү менен мурду окшогон бир орто жашаган аял казан-аяк менен алаксып жүргөнүн байкайт. Бала азыраак отургандан кийин төрдө сүйлөшүп жаткан сөздөрдөн улам кирпидей тикирейген кою кашы бар, жайык жүз, уюган кара сакал немени бул үйдүн кишиси эмес экенин билет. Ага назарын салган бери болгондо жетимиштин кырындагы бир кемпир гана болот. Бала кемпирге катарлаш отурат. Отун ным. Бирде жалбырттап жанып кетсе бирде жалп этип өчүп, үйдүн ичи күңүрттөй түшөт.

Кемпир экөө бирөөдөн жашыруун сүйлөшүп жаткандай, акырын дабыш чыгарбай сүйлөшүп отурат, төрдөгүлөр аларга көңүл да бурбайт. Жаңы кирип келгенде гана секелек кыздын артында отурган киши:

-Алдыңдагы түйүнчөгүң эмне?- деп, андан бир ооз кеп сураган.

-Ал дүнүйө дейсизби, өзүмө жараша бир көр оокат да.., деп жооп берет бала. Төрдө отургандардын аңгемесинен малай жүргөн бирөөнүн акысы тийбегени жөнүндө сөз болуп жатканын байкайт. Алардын сөзүнөн ошол жылы кара чечектен журт чөп чапкандай кырылбадыбы деген сөздү да кулагы чалат.

Балага бир гана кемпир көңүл бурат.

Кана, балдар, эмесе, китебиңердин 171-бетиндеги 5-абзацты окуйбуз. Кемпир менен жолоочу бала эмнени сүйлөшүп жатат.

--...Бечара киши жан багышка орус ичи жакшы болот экен. Мына бу дөңдөгү кыштак ошолордуку. Жолдо көргөндүрсүң келгенибизге беш – алты жыл болду. Бу жерде бизден бөлөк кыргыз жок.

Муну таштай берип, кемпир баятан бери болуп жаткан аңгемеге кайра көчтү:

-Жетимчиликти көп тарткан экенсиң. Тескейге баратам дедиңби?

-Ооба.

-Ата – энең качан өлгөн?

-Көп жыл болду.

-Кайра ошонуң жакшы, кулунум. Энең байкуш болсо, сен ушинтип жүргөндө: “Балам алда кандай болду экен:” - деп санааркап куурабайт беле? Акыр өлбөсө бир күн жетилип кетерсиң... Түн ичинде көз кургур да көрбөйт. Болбосо тизеңдин береги жерин бүрүп берет элем. Чокоюң да суу...


Андан ары улайбыз.

Эшиктин аркай жеринен зыркыраган борошо так баланын тонунун жыртыгын көздөп турганда коолдоп, бир капталы муздап турат.

Баланын конор конбосу али белгисиз. Үй тар, адам көп. Бала өзүнө ыклас кылган кемпирде бийлик жок экенин башында эле байкаган болчу. Конор-конбосу белгисиз. Эмне болсо да тамак ичилип бүткөндөн кийин чечилет. Бала камырабай отура берет. Анткениал мындайды бүгүн эле көрүп отурган жок.

Эми 172-беттин 3-4-5- абзацтарын окуйбуз. Бул жерде эмнелерди айтып жатат кайрымдуу кемпир?

-Бул да бир күн унут болор, балам. Көргөн билгениңдин баары тең артта калмак...Мал да дүйнө да эч кимге опо болбойт...

Ушундан кийин көпкөк тарамыштары саналып турган, калтыраган этсиз арык колундагы жыгачы менен отту көсөп жиберип, ошол жерде мелтирей кадалып, тынып ойлоно калып, кадалган ойдун артынан козголо коюп, куураган чачынын арасына кол жүгүртүп, кежиге ченин кашып алды да, мага шыбырачу немедей жакындай түшүп, акырын гана:

-Бөрк алдында не болбойт? Дос, душманды айрып жүр. Колуңдан келип турганда бөйпөңдөп, бак тайган күнү баса берген киши дос болбойт. Жок-барда бирдей болуш керек, -деди.



Мугалим:Кемпир эмнелерди ойлоп жатканы анын сүйлөгөн сөзүнөн байкалып турат.

Андан ары окуя мындайча уланат:

Түн бир далай мезгил болгондо, казан чыгарылды самандын ачуу түтүнү чамгарактан чыкпай уюлгуп, кайра каптап турат.

Табак төрдөгү эркектерге гана тартылат, балага бир арканын омурткасы тиет. Үйдүн аялы өзүнө алып калган бир демесин жулуп жеп күйпөңдөп, казандын жанында каралап отурат.

-Отту жарыгыраак кылып койгулачы,- деп, бирөө чулчуңдап чайнап жатып, кемпир менен балага буйрук кылат. Бул арада мындан башка унчуккан эч ким болгон жок. Жалгыз секелек кыз колундагы кар жиликти чагам деп убараланып жатканда:

-Сый чабасың, кой! Ачууланып барып, энеси керкини колунан алып койду.

Мен жалгыз омуртканы мүлжүп, таштай берип, карап калганым менен табактын эти да көп эмес эле. Туш-туштан жабылган ооздор табактын үрөйүн учуруп бир демге калтырбай отоп жиберишти.

Кол жууп бир кыйла кобурагансып отургандан кийин, журт орундарынан туруп, жатууга кам ура баштады.

Сыртка чыгып бараткан бирөө, шимшиленип кирип келген кара канчыкты “кет” деп, жаза-буза бир сала, жолунда кыйрап турган сынык эргилчекти түзөп коюп, кыңшылаган ит менен удаа чыгып кетти.



Мугалим: Андан ары дагы окуп көрөлүчү. 173-беттеги 4-абзацты аягына чейин окугула.


Кемпир болбогондо унутта кала жаздаган элем...

-Э, ботом, Жийдекан, бул бала эмне болот?- деди бир кезде ал.

-Апей, катыгүн... мен...

Бул убакта кара сакал, дагы бир жигит жатып алган.

Жеңеке, бүгүнчө мени батыргыла. Мындан бөлөк корголор жерим жок болгондуктан келип отурам. Наяты бир түнөп кетет экенмин,-деп, мен да кемпирге кошумчалап койдум.

-Эми кандай кылам , төшөктүн баары салынып...

-Баягы тердик кана?

Мунун жообу бар экен?

Аны башка жазданып койбодум беле, жатарга чолоо жер да калбаптыр...

-Иши кылып бирдеме бер.

-Болсомен аяп отурамбы? Жүк тирелип тургандай сүйлөйсүңөр да!-деп бу жерге келгенде кемпирди бир каарып өттү. Төшөк аз экенин бала да байкап турат. Жийдекан кейип, кынжылып барып, тердикти сууруп алып берет.

-Ушул эле болот мага,- деп, ирегеде жаткан бир кап тезектин жанына тердикти жая салып жатып калат. Бут сунар жер жок. Жанында- коломто.

Жатканымдан кийин талпакты сүйрөп келип, үстүмө таштап койду да, кемпир:

-Эртең бороон басылганда кет. Жолдо туруп каларсың-деди күңкүлдөп.

От өчтү үй жер кепедей караңгы. Жымжырт. Жалгыз гана тыштан угулган бороондун күчү менен илдибары кеткен жаман үзүк делпилдеп, уукту сабап турду...


Мугалим: Андан ары окуя мындайча уланат:

Эртеси бул үйдөн бир адам серпиле электе туруп алып жолго түштүм. Мунумду кечээги мээримдүү кемпир да билбей калды.. Аны кетерде бир байкаганымда - колу, буту мышыктыкындай чогулуп, уйпаланган, жүдөгөн башы койнуна кирип, мууздаган малдай кыркырап жаткан эле.

Тышка чыксам бороон басаңчытартып калган экен.. Бирок күн али бүркөө.

Кантсе да кечке жетермин деп ишенип, тээтиги көк тиреген, мунарга окшогон, ак кардуу бийик заңгелди бет алып, жалгыз талаада кетип бара жаттым,-деп аяктайт аңгеме.


Мугалим:

Байкадыңарбы балдар, мен аңгемени айтып жатканда түшүнүксүз сөздөр кездешти. Баарыбыз китепти карайбыз, 170-174-беттердин аягында берилген сөздүктөрдүн мааниси менен таанышабыз.Эми досканы карайбыз, берилген тексттердеги түшүнүксүз сөздөрдүбелгилейбиз.


Эми чыгарма боюнча түшүнгөнүбүздү топтордо талкуулайбыз.

Биринчи топ, экинчи топ, үчүнчү топ, доскада илинип тургансүрөткө тема коюп, идеяңарды билдиргиле. 1-топко 1-сүрөт, 2-топко 2-сүрөт, 3-топко 3-сүрөт.


Мугалим: Аңгемеде башкы каарман бул бала жана кемпир. Бул эки каармандын кандай сапаттарын байкай алдык?

Аделина: Бала- өтө байкагыч кыраакы, ал эми кемпир балага жалгыз ыклас кылган, колунда бийлиги жок, мээримдүү эне.


Аңгемедеги эң маанилүү деталдардын бири бул -боз үй. Азыр биз аңгемеден боз үйгө байланыштуу маалыматтарды карап чыгабыз жана ага байланыштуу ойлорубузду топтордо талкуулайбыз.

2-топтогулар өзүнүнү ойлорун презентациялашат. 1-3-топтор аңгеме боюнча кошумча пикирлерин билдиришип, суроолорун беришет.


1-окуучу:Аңгемедеги боз үй-кашаттын түшө беришиндеги сарайчанын жанында, илдибары кеткен, бала кайрымдуулук көргөн үй,балага бир түн түнөк болду.


2-окуучу: Боз үй бизге кандай сезимдерди алып келерин айткыбыз келет:
Ал Ата Журтту жытын алып жүрөт.
Эне мээриминдей мээрим сезилет.
Үмүттүн очогу.
Өмүрүмдүн, ичер суумдун бар экендигине ишеним,
Жашоо, тиричилик. Боордоштук. Бир туугандык.


3 –окуучу: Боз үй – бул кыргыздардыкы, ошондуктан азыркы мезгилде кыргыздын очогу тутанган, ата конушу жыттанган боз үйдү башка улуттагы элдер “кыргыз үй” деп аташкан, эл ичинде мындай синоним сөз бар.
Боз үй ата-бабанын элеси, эл тагдыры, эл тарыхы. Келечектүүлүк-себеби бул тирүүлүккө өбөлгө кыргыз элинин эл кылып турган, тарыхый белгилеринин бири болгон- өздүк буюму.
 

Чыгарманы окуп, талкуулап, маанисин абдан түшүндүк. Эми идеяңар барбы, чыгарма кандайча уланса дейсинер? Биздин каарманыбыздын тагдыры кандай болот деп ойлойсуңар?

Жооп: Тууган -уругун табат, колдоого ээ болот, Совет бийлигинин камкордугуна алынат, чоңоюп үй -бүлө күтөт, бактылуу жашоо, ушундай күндөрүн жазып чыккан жазуучу болот ж.б.

Мейли, анда мен силердин идеяңарды улайын бала жазуучу болду.

Жазуучунун чыгармасындагы берейин деген оюнан эмнени баамдай алдыңар?

Жооп: Бактыгүл: Кыргызга тиешелүү болгон адеп – ахлактык баалулуктардын, өзгөчө адамгерчилик сапаттарынынкандай кырдаал болбосун сакталышын байкадык.

Мугалим: Кана балдар, оюбузду мисалдар менен далилдейбиз.
1-окуучу: Түн ичинде көзү кургур көрбөйт, болбосо тизеңдин береги жерин бүрүп берет элем. Чокоюң да суу... деген жерде балага боору ооруган кемипир, шарты жок гана айласы жок. Бул жерде боорукерлик сезимди билдирип жатат.
2-окуучу: Мага бир арканын омурткасы тийди. ... Жаткандан кийин талпакты сүйрөп келип үстүмө таштап койду... Балага өздөрүндө оокат ашы тартыш болсо да, анын шыбагасын болүп, жатарга орун, тердик берип, үстүнө талпак жаап үйдөгүлөр кайрымдуулук балага кайрымдуулук көрсөтүп жатат.

3-окуучу: -Бөрк алдында не болбойт? Дос, душманды айрып жүр. Колуңдан келип турганда бөйпөңдөп, бак тайган күнү баса берген дос болбойт. Жок- барда бирдей болуш керек,-деп, баланы кууп салбастан жокчулуктун оор күнүндө да жол келген жолоочуга меймандостук көрсөтөт.

4-окуучу:Адамдын башына кандай күн түшпөсүн жакшылыктан үмүт кылуу керектигин:

-Бул да бир күн унут болоор, балам. Көргөн билгендериңдин баары артта калмак..., деп айткан кемпирдин сөзүнөн байкайбыз.

Жыйынтык:

Мугалим:Үмүт бар жерде жашоо бар. Баланын эртеңки өзүнө да белгисиз, бирок үмүт жетелейт. Бардык адамда адамгерчилик бар болсо үмүт ишке ашат. Кыргыз ошондой кыйын мезгилде да жогорудагыдай асыл сапаттарынан айрылган жок.

Чыгарманын негизги идеясы ушул.

Үй тапшырмасы: Силер байкагандай чыгармада эненин камкордугу, мээримдүүлүгү башкы орунда турат. Ошондуктан, “Эне мээрими” деген темада дилбаян жазып келүүнү үйгө тапшырма берем.

Баалоо: Жол чырак ыкмасы аркылуу бааланат.

Биз азыр жакшы заманда жашап жатабыз, бирок ата –бабалардын башынан кечирген күндөрүн эч качан унутпайбыз. Тарыхыбызда мындай окуялар кайталанбасын. Силер бактылуу замандын бактылуу балдарысыңар. Г.Эсенгулова “Бала сармерден” ыры ырдалат.







Ушуну менен сабагыбыз аяктады.

Көнүл бурганыныздарга ырахмат!











































9



Получите в подарок сайт учителя

Предмет: Литература

Категория: Уроки

Целевая аудитория: 6 класс

Скачать
Мукай Элебаев: "Бороондуу куну" ангемеси

Автор: Тагаева Фаризат Аралбековна

Дата: 15.03.2016

Номер свидетельства: 305848

Похожие файлы

object(ArrayObject)#852 (1) {
  ["storage":"ArrayObject":private] => array(6) {
    ["title"] => string(73) "Мукай Элебаев: "Бороондуу куну" ангемеси"
    ["seo_title"] => string(39) "mukaieliebaievboroonduukunuanghiemiesi1"
    ["file_id"] => string(6) "305849"
    ["category_seo"] => string(10) "literatura"
    ["subcategory_seo"] => string(5) "uroki"
    ["date"] => string(10) "1458009559"
  }
}
object(ArrayObject)#874 (1) {
  ["storage":"ArrayObject":private] => array(6) {
    ["title"] => string(131) "Мукай Элебаев: "Бороондуу куну" ангемеси боюнча ачык сабактын иштелмеси"
    ["seo_title"] => string(71) "mukaieliebaievboroonduukunuanghiemiesiboiunchaachyksabaktynishtielmiesi"
    ["file_id"] => string(6) "305851"
    ["category_seo"] => string(10) "literatura"
    ["subcategory_seo"] => string(5) "uroki"
    ["date"] => string(10) "1458009837"
  }
}
object(ArrayObject)#852 (1) {
  ["storage":"ArrayObject":private] => array(6) {
    ["title"] => string(131) "Мукай Элебаев: "Бороондуу куну" ангемеси боюнча ачык сабактын иштелмеси"
    ["seo_title"] => string(72) "mukaieliebaievboroonduukunuanghiemiesiboiunchaachyksabaktynishtielmiesi1"
    ["file_id"] => string(6) "305852"
    ["category_seo"] => string(10) "literatura"
    ["subcategory_seo"] => string(5) "uroki"
    ["date"] => string(10) "1458009843"
  }
}


Получите в подарок сайт учителя

Видеоуроки для учителей

Курсы для учителей

ПОЛУЧИТЕ СВИДЕТЕЛЬСТВО МГНОВЕННО

Добавить свою работу

* Свидетельство о публикации выдается БЕСПЛАТНО, СРАЗУ же после добавления Вами Вашей работы на сайт

Удобный поиск материалов для учителей

Ваш личный кабинет
Проверка свидетельства